Ошто текстиль фабрикасын ачуу пландалууда

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов иш сапары менен Кара-Суу районуна барганда, ал райондун тургуну текстиль фабрикасын ачууну пландап жатканын айтып, фабрика үчүн жер бөлүп берүү боюнча кайрылган. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

«Учурда ишкерге Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнөн 5 гектар жер бөлүнүп, аны трансформациялоо жана документ иштери аяктап калды», – деди Зиядин Жамалдинов.

Мындан сырткары, ал Ош облусунда жаңы өндүрүш мекемелерин ачуу, ишкерлерди колдоо жана инвестиция тартуу жумуштары жүрүп жатканын кошумчалады.