> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Алтынга бекитилген «электрондук сом» долбоору даярдалууда
- URL: https://im.kg/all/2021/09/20/altynga-bekitilgen-elektronnyj-som-dolbooru-dayardaluuda/
- Published: 2021-09-20T10:49:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Алтынга бекитилген «электрондук сом» долбоору даярдалууда. Бул тууралуу Экономика министри Акылбек Жапаров кечээ, 19-сентябрда өзүнүн фейсбук баракчасында билдирди.**

Ал Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКнын ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн [тизмесинен алып салгандыгы ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/20/london-associaciyasy-kyrgyzaltyndy-tizmeden-chygardy/)тууралуу жазган билдирүүсүндө айтат.

> «Мен азыр эртерээк болсо да, биздин алтынга бекитилген «электрондук сом» долбоорун ишке киргизүү даярдалып жатканын айта кетейин», – дейт ал. 

Бирок мамлекеттик ишмер ал кантип иштейт, эмне өзгөчөлүктөрү бар, ал тууралуу эч кандай маалымат берген жок.