> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк банк Кыргызстанга санариптештирүүгө 50 млн доллар кайра бере турган болду
- URL: https://im.kg/all/2021/09/20/d-jn-l-k-bank-kyrgyzstanga-sanaripteshtir-g-50-mln-dollar-kajra-bere-turgan-boldu/
- Published: 2021-09-20T17:48:49.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:36:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Акыркы мезгилде бул долбоор үзгүлтүккө учураганы менен Дүйнөлүк банк** **Digital CASA долбоорун Кыргызстанда ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу [Kaktus.media](https://www.facebook.com/watch/live/?v=238594108202370&ref=watch%5Fpermalink) сайтына Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча кеңешчиси Павел Хрипунов кабарлады.**

Июль айында Дүйнөлүк Банк Digital CASAны Кыргызстанда ишке киргизүүдөн баш тартууга [ниеттенип ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/08/05/50-mln-dollarlyk-digital-casa-kyrgyz-respublikasy-dolboorun-sanariptik-ministrligi-ishke-ashyra-algan-zhok-minkabinet/)жатканы белгилүү болгон эле. Андан кийин мурдагы чиновник Уран Чекирбаев долбоордун ишке ашпай калышынын бир себеби, долбоорду ишке ашыруучуларга чиновниктер тарабынан ири суммадагы [акча талап кылуу](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/08/13/digital-casa-dolbooru-bojuncha-opuzaloo-araketteri-bolgon-chinovnik-bildirdi/) болгонун айткан эле.

> «ДБнын жетекчилиги мен айткан бардык өтүнүчтөрдү эске алган кат алганда абдан кубандым. Кредиттик каражаттар бизге 1% менен 38 жылдык мөөнөткө берилет – бул республика үчүн абдан эле ыңгайлуу шартта берилүүдө», – деди президенттин кеңешчиси.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылана турган «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорунун максаты – бул КРнын секторлоруна жеке инвестицияларды тартуу жана **мамлекеттик кызматтарды санарипке өткөрүү** потенциалын жогорулатуу менен бирге **Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү** болчу.

«Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбооруна Дүйнөлүк Банк 50 млн долларлык инвестиция салууну көздөп жаткан. Анын25 млн доллары гранттык каражаттар, 25 млн доллары жеңилдетилген насыя түрүндө берилмек.

**Белгилей кетсек, долбоор төрт компоненттен турат:** 

1. Санарипке өтүүгө байланышкан аймактык инфраструктура (**21 млн доллар**)
2. Аймактык маалымат борборлору, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер (**18.1 млн доллар**)
3. Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү (**8.4 млн доллар**)
4. Долбоорду башкаруу (**2.5 млн доллар**).