> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика тармагынын карызы учурда 135 млрд сомду түзөт
- URL: https://im.kg/all/2021/09/20/energetika-tarmagynyn-karyzy-uchurda-135-mlrd-somdu-t-z-t/
- Published: 2021-09-20T11:57:43.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө энергетика тармагынын карызы 135 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Элдияр Доолбеков ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, жалпысынан 45 млрд сом кайтарылган, энергетика жана агроөнөр жай комплекси үчүн калган карыз **158 млрд сомду** түзөт.

> Жалпысынан алганда, 26 миң 803 субъекттерге иштер жүргүзүлүп, ага **184 млрд сом** берилген.

Агенттиктин жетекчисинин орун басарынын берген маалыматына ылайык, бул насыялар 2045-жылга чейин берилген, анын ичинен эң ири кредиттер **энергетика тармагына** (135 млрд сом) берилген.