Лондон ассоциациясы «Кыргызалтынды» жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен чыгарды
Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКнын ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен алып салды. Бул тууралуу ассоциациянын сайтында айтылат.
«Ушул күндөн баштап заводдун бардык продукциялары стандартка жооп берет деп эсептелбейт», – деп айтылат Лондон ассоциациясынын билдирүүсүндө.
Маалыматка ылайык, «Кыргызалтын» камсыздоо программасын жоопкерчиликтүү аткарбагандыгы үчүн тизмеден чыгарылган. Белгилей кетсек, Лондон ассоциациясы «жеткирүү маселелерине жана алдамчылык тобокелчилигине» байланыштуу «Кыргызалтын» ААКсынын аракеттерин изилдеп жатканын билдирген.