> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Автоунаа салыгын төлөбөгөндөргө айып пул салынат
- URL: https://im.kg/all/2021/09/20/unaa-salygyn-t-l-b-g-nd-rg-ajyp-pul-salynat/
- Published: 2021-09-20T11:26:20.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы КР ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте салык төлөнбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүүдө. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.**

Эскерте кетсек, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

> Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүк үчүн **1000 сом** өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөөнүн **ар бир өткөн күнүнө туум** эсептелет.

Салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөн авто ээлерин туумдун эсептелишин болтурбоо үчүн азыр төлөөгө чакырат.