«Акысыз адвокат» телекөрсөтүүсү аркылуу юридикалык жардам алсаңыз болот

Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (МКЮЖБ), КРнын Адвокатурасы, КРнын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) менен бирдиктүү үч тараптуу келишимдин негизинде «Акысыз адвокат» аттуу программа уюштуруп, жарандарга түз эфирде акысыз юридикалык кеңеш берип баштады.

Көрсөтүүнүн негизги максаты – МКЮЖБнун тутумунда катталган адвокаттар аркылуу жарандарга укуктук жардам көрсөтүү, ошондой эле калктын укуктук сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу.

Аталган телекөрсөтүү 2021-жылдын 16-сентябрынан баштап, 2022-жылдын сентябрына чейин, жума сайын ар бейшемби күнү кечки саат 19:20да түз эфирде өткөрүлөт.

Сурооңуздарды Фейсбук социалдык тармактагы баракча аркылуу жана 0505802060 номуруна катталган Телеграмм жана Вотсап мессенджерлер аркылуу жөнөтсөңүздөр болот.

Айтып кетсек, 2021-жылдын 16-сентябрында өткөн алгачкы чыгарылышта өлкө боюнча жарандардан 2500ден ашык ар тараптуу суроолор келип түштү, ал эми түз эфирге 50 кайрылуу болгонун ведомстводон билдиришти.