> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Бишкекте ак майдын баасы эң арзан
- URL: https://im.kg/all/2021/09/21/eaeb-lk-l-r-n-n-ichinen-bishkekte-ak-majdyn-baasy-e-arzan/
- Published: 2021-09-21T17:23:11.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын августунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен ак майга болгон минималдуу чекене баа (1 кг – 4.4 доллар) Бишкек шаарында белгиленди. Мындай маалыматты Улутстатком билдирди.** 

Максималдуу орточо чекене баа (1 кг – 12.35 доллар) Москва шаарында байкалган. 

Ошондой эле, кой этине (1 кг – 5.73 доллар) жана биринчи сорттогу унга (1 кг – 0.46 доллар) эң төмөн баалар Бишкек шаарында катталган.

> Ал эми уйдун эти ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинде эң кымбат (5.66 доллар) Бишкекте болгон.