ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Бишкекте ак майдын баасы эң арзан

2021-жылдын августунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен ак майга болгон минималдуу чекене баа (1 кг – 4.4 доллар) Бишкек шаарында белгиленди. Мындай маалыматты Улутстатком билдирди.

Максималдуу орточо чекене баа (1 кг – 12.35 доллар) Москва шаарында байкалган.

Ошондой эле, кой этине (1 кг – 5.73 доллар) жана биринчи сорттогу унга (1 кг – 0.46 доллар) эң төмөн баалар Бишкек шаарында катталган.

Ал эми уйдун эти ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинде эң кымбат (5.66 доллар) Бишкекте болгон.