USAID COVID-19 илдетине каршы күрөшүү максатында КРга 100 миң долларлык жардам көрсөттү

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму КРда COVID-19 илдетине каршы күрөштү күчөтүү максатында, өзгөчө кырдаалдар боюнча биринчи операциялык борборду ачууга 100 миң долларлык техникалык колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн коомдук саламаттык сактоо жаатында өзгөчө кырдаалдар боюнча биринчи операциялык борбордун расмий ачылышы болуп өттү.

Мындай борборлор «ыкчам борборлор», «кырдаалдык борборлор» жана «командалык пункттар» катары белгилүү. Алардын негизги милдети – өз убагында маалымат алмашуу, ага талдоо жүргүзүү, өзгөчө кырдаал учурунда натыйжалуу чара көрүү үчүн стратегиялык координациялоону камсыз кылуу болуп эсептелет.

Борборду ачуу аземинин учурунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова АКШнын КРгы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултерге жана ДССУнун КРгы өкүлү Назира Артыковага пандемия башталгандан бери үзгүлтүксүз колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн ыраазычылык билдирди.

Борбор КРнын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин имаратында жайгашкан.