Бишкек – Дели түз авиакаттамы кайрадан жанданды

«Манас» эл аралык аэропортунан Делиге (Индия) чартердик каттам жанданды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

Каттамдар «Эйр Манас» авиакомпаниясы тарабынан шейшемби күндөрү аткарылат.

Эскерте кетсек, буга чейин «Эйр Манас» авиакомпаниясы Дели шаарына 2015-2018-жылдары каттамдарды аткарган.