Хорватия КРга COVID-19га каршы 20 миң доза вакцина берет
Хорватия КРга COVID-19га каршы 20 миң доза вакцина берет. Бул тууралуу 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Хорватия Республикасынын Тышкы жана Европа иштери боюнча министри Гордан Грлич Радман менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.
Тараптар биринчи жолугушууда жетишилген келишимдердин ишке ашырылышын талкуулашты. Министр Казакбаев хорватиялыктарга Кыргызстанга COVID-19га каршы 20 миң вакцинасын эки тараптуу негизде берүү чечими үчүн ыраазычылык билдирди жана КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аларды алуу үчүн тиешелүү маселелердин үстүндө иштеп жаткандыгын маалымдады.
Өз кезегинде министр Радман буга чейин кыргыз тарап сунуштаган ар кайсы тармактарда кызматташуу жөнүндө келишимдердин долбоорлору учурда Хорватиянын мамлекеттик органдары тарабынан каралып жаткандыгын белгиледи.
Казакбаев ошондой эле Хорватиянын жогорку деңгээлдеги делегациясын Европа Биримдиги – Борбордук Aзия биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды. Өз кезегинде, министр Радман 2021-жылы декабрда эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 25 жылдыгын белгилеп, Хорватиянын делегациясынын бул форумга катышуусун Кыргызстанга эки тараптуу визитти ишке ашыруу менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.