КР менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форумунда 10 млн долларлык келишимдер түзүлдү
Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форумунун жыйынтында 10.3 млн доллардан ашык 11 келишим түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева иш-чаранын расмий жабылышында билдирди.
- SPZ-Bearings менен «Кыргыз Винд Систем» ААК Кыргызстанга подшипниктерди жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту. Келишим бир жылга түзүлдү жанан анын суммасы 2 млн долларды түзөт.
- Кошумчалай кетсек, Hyundai Elevators Kyrgyzstan, «Ташпулат Строй Инвест» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдердин алкагында Өзбекстанга 1 млн долларга лифт жабдууларын жеткирет, ал эми өзбек компаниясы, өз кезегинде, КРга ушул эле суммага курулуш материалдарын экспорттойт.
- Ошондой эле, Кыргызстандын популярдуу болгон «Академия роста» менталдык арифметика мектеби жакында Самарканд облусунда ачылат. Бул ALSAEDA ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдин аркасында мүмкүн болду.
Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн жээгине коттедж-пансионат куруу боюнча алдын ала макулдашуу түзүлгөн. Буга «Ташпулат Строй Инвест» ЖЧКсы жеке инвестор болууну көздөөдө.
Олий Мажлис Сенатынын Төрагасы эки өлкөнүн президенттери аялдардын ишкердигин колдой турганын жана жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.
- Эске салсак, кечээ, 21-сентябрда, Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын эл аралык бизнес-форуму өтүп, ага эки өлкөнүн 100дөн ашык ишкерлери катышты.