Кыргыз ишкерлерине АКШнын соодага көмөктөшүү программасы сунушталды

21-сентябрда АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча өкүлүнүн жардамчысынын орун басары Зеба Реязуддин жана АКШнын Соода өкүлүнүн жардамчысынын орун басары Лаура Баффо Жалпыланган преференциялар системасынын (ЖПС) жалпы карап чыгуусун кыргызстандык ишкерлерге жана мамлекеттик кызматкерлерге тартуулады. Бул тууралуу АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

ЖСП программасы ар кандай өлкөлөрдөн, анын ичинде КРдан 3500дөн ашуун продукцияга бажы салыгынын жеңилдетилген режимин берүү аркылуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзмөкчү.

АКШнын Соода Өкүлү кыргыз ишкерлери ЖСПнын шарттарына ылайык келген продукцияларды кантип аныктай алары, АКШ рыногуна кеңири кирүү мүмкүнчүлүктөрү жана ал жакка экспорттолуучу бир катар товарларга бажы салыксыз статусун алуу боюнча маанилүү маалыматтарды берди. Виртуалдык вебинарга кыргызстандык ишкерлер жана мамлекеттик министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Вебинарда АКШнын АКШ – Кыргызстан соода байланыштарын түзүү боюнча АКШнын милдеттенмесин баса белгилеп, анын ишенимдүү өкүлү Соната Коултер: «Биз Кыргызстандын экономикасынын өсүшүн каалайбыз; Жергиликтүү ишкерлерди колдоо үчүн жеткиликтүү аспаптар жөнүндө билим алмашуу кыргыз экспортунун АКШ сыяктуу чоң чет өлкөлөрдөгү рынокторго чыгышына жардам берүү үчүн өтө маанилүү», – деди.