«Түндүк электр» ишканасы кышка 80% даяр

«Түндүк электр» ишканасында кышка карата даярдык 80%га аткарылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Ишкананын алдында электр энергиясынын кубаттуулугун жогорулатуу максатында 32 кошумча көмөк чордонду куруу пландалууда. Адистер турак үйлөргө акылдуу эсептегичтердин орнотулушунун натыйжасында, электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөгөн кардарлардын саны көбөйө баштагандыгын айтышууда.

Ошондой эле мекеме жарандарды электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырышууда.