Депутаттар Улуттук банкты көз карандысыздыгынан ажыратууну көздөшүүдө – юрист

Улуттук банктын көз карандысыздыгынан ажырашы – бүгүнкү күндө экономикабыздын жалгыз реалдуу сектору болгон КРнын банк системасынын толугу менен кыйрашына алып келет. Бул тууралуу юрист Сания Токтогазиева өзүнүн фейсбук баракчасында депутат Саматбек Ибраев менен Бактыбек Турусбековдун КРнын Улуттук банкы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесинин канчалык кооптуу экенин тынчсызданып жазып чыкты.

Анын айтымында, бул Улуттук банктын көз карандысыздык принцибин түп-тамырынан бери бузуу болуп саналат.«Улуттук банктардын негизги миссиясы – бийликтин саясий бутактарын кармап туруу жана келечекте туруксуздукка жана инфляцияга алып келе турган фискалдык жоопкерчиликсиз (өкмөт, президент жана парламент тарабынан болгон) саясатка жол бербөө.

Депутаттар Ибраев менен Турусбековдун демилгеси Улуттук банктын көз карандысыздыгын толугу менен бузуп, аны Өкмөткө (башкача айтканда, президентке) баш ийдирүү болуп саналат.

Биздин ийгиликсиз кадрдык саясатыбызды, популизмди жана жапайы профессионализмибизди эске алганда, Улуттук банктын көз карандысыздыгынын бузулушу – бүгүнкү күндө экономикабыздын жалгыз реалдуу сектору болгон КРнын банк системасынын толугу менен кыйрашына алып келет.

ЖКнын «легендарлуу» VI чакырылышынын айрым депутаттарынын популизми менен зыяндуулугу өлкөнү туңгуюкка алып барат. Конституцияны бузушууда, кодекстерди бузуп, мыйзамдын үстүндө бийлеп эле тим болбостон, алар азыр КРнын Улуттук банкынын көз карандысыздыгын жок кылууну көздөшүүдө. Депутаттар Саматбек Ибраев менен Бактыбек Турусбеков КРнын Улуттук банкы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелешти, тактап айтканда, алар Улуттук банкка КРнын Өкмөтү менен биргеликте банктын өнүгүү саясатын иштеп чыгууну жана каржы рыногунун саясатын жүргүзүүнү сунушташты», – деп айтылат билдирүүдө.