ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук банктарынын 22-отуруму өттү (сүрөт)

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкекте ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктарынын валюта саясаты боюнча өз ара кызматташуусун өнүктүрүү жана тереңдетүү жагында иш алып барган Улуттук банктардын консультативдик жана кеңеш берүүчү органынын 22-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын маалымат кызматы кабарлады.

Отурумдун катышуучулары учурдагы экономикалык абалды жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги акча-кредит саясатын ишке ашыруунун жүрүшүн, финансы рыногун жөнгө салуу боюнча улуттук органдарды көзөмөлдөгөн орган жана стандартташтырылган лицензия жөнүндө макулдашуулардын долбоорлорун, ошондой эле интеграциялык өз ара аракеттенүү боюнча башка бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Аталган отурумга Армян Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, КРнын борбордук (улуттук) банктарынын, ошондой эле Казакстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин жана КРнын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчилери катышты.

  • Валюта саясаты боюнча консультативдик кеңеш  – ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук банктарынын консультативдик-кеңеш берүүчү органы болуп саналат, анын негизги милдеттерине ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук банктарынын валюта саясаты боюнча өз ара кызматташуусун өнүктүрүү жана тереңдетүү кирет.