> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргыз темир жолу» 2022-жылдын аягына чейин 100 жүк вагонун сатып алат
- URL: https://im.kg/all/2021/09/23/kyrgyz-temir-zholu-2022-zhyldyn-ayagyna-chejin-100-zh-k-vagonun-satyp-alat/
- Published: 2021-09-23T12:51:57.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргыз темир жолу» 2022-жылдын аягына чейин 100 жүк вагонун сатып алууну көздөөдө жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен 20 км рельс сатып алуу боюнча тендердик процедураларды өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.** 

 50 жүк ташуучу вагон 2021-жылдын аягына чейин, калган 50 жүк вагону 2022-жылдын экинчи кварталында сатылып алынат. 

Ошондой эле «Кыргыз темир жолу» УК мамлекеттик ишканасы Кытайдын «Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу» ЖЧКсы кызматташуу жөнүндө Меморандумуна кол коюшту. 

> Бул документ «Кыргыз темир жолунун» стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу, **Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу** жана **Турксиб – Балыкчы темир жолун электрлештирүү** боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Жакын арада аталган кытайлык компаниянын өкүлчүлүгүнүн делегациясы КРга келип, жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу жүргүзүшү күтүлүүдө.