> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет – АӨБдүн божомолу
- URL: https://im.kg/all/2021/09/23/kyrgyzstandyn-ekonomikasy-2021-zhyldyn-ekinchi-zharymynda-kalybyna-kel-s-k-t-l-d-a-bd-n-bozhomolu/
- Published: 2021-09-23T10:06:20.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Тоо-кен, соода жана башка кызматтар былтыркы төмөндөөдөн кийин калыбына келген сайын, Кыргызстандын экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) 22-сентябрдагы отчетунда айтылат.**

«Азиянын өнүгүүсүнө көз караш (АӨКК) 2021» деп аталган АӨБдүн жылдык флагмандык экономикалык жаңы басылмасы, КРнын экономикасы **2021-жылы 3.5%**, **2022-жылы 5% өсүшүн** божомолдойт. Бул жылдын башында жасалган [алгачкы божомолдорго ](https://www.adb.org/news/kyrgyz-republic-economy-rebound-2021-and-2022-despite-risks-adb)дал келет. 

Бирок, АӨБ **пандемиянын жаңы толкундары же эмдөөнүн жай өтүүсү өлкөнүн өсүшүнө зыян келтириши мүмкүн** деп эскертет, ошол эле учурда чек аралар толук ачыла электигин, аба каттамдар жана жол кыймылы толук жандана электигин жана ишкерлердин ишеними төмөн бойдон калуусун белгилейт.

> «КРнын соода өнөктөштөрүнүн жагымдуу болжолду эске алуу менен, биз АӨБдө, өлкө КОВИД-19дун таасирин сезүүнү улантып жаткандыгына карабастан, кызмат көрсөтүү секторунун калыбына келүү шартында экономикалык өсүшкө этияттык менен оптимисттик көз караштабыз», – деди Канокпан Лао-Арайа, АӨБдүн КРгы өкүлчүлүгүнүн директору. 

Азык-түлүк бааларынын инфляциясы жогорку бойдон калууда, анткени жеткирүү чынжырлары калыбына жай келүүдө, ошондой эле 2020-жылы валютанын АКШ долларына карата 20% га төмөндөшүнүн пассивдүү таасири уланууда. Азык-түлүк бааларынын туруктуу жана тез өсүшүн эске алганда, АӨБ инфляциянын **2021-жылы 10% га чейин ылдамдануусун, андан кийин 2022-жылы 7%га чейин басаңдатуусун** болжолдойт.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/AOB.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/AOB.jpg)

2021-жылдын биринчи чейрегинде учурдагы операциялардын эсеп тартыштыгы ИДПнын 4.6% түздү. Экспорт негизинен **алтындын жана башка металлдардын экспортунун төмөндөшүнүн эсебинен 9.5%га төмөндөгөн**. Машиналардын жана жабдуулардын, кийим-кеченин жана кумшекердин импортунун өсүшү импорттун жалпы көлөмүн 40.2%га көбөйттү, себеби **акча которуулар** 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **41.0%га жогорулады**.

Өткөн жылы АӨБ КОВИД-19га каршы күрөшүүнүн алкагында КРны колдоо максатында 70 млн долларлык милдеттенмени жактырган. Бул суммага КОВИД-19 тарабынан болгон саламаттык, социалдык жана экономикалык аймактарга таасирин азайтуу максатында май айында жактырылган [50 млн долларлык насыя жана гранттык пакети ](https://www.adb.org/news/adb-50-million-package-help-kyrgyz-republic-mitigate-health-social-economic-impacts-covid-19)кирет, жана Өкмөткө саламаттыкты сактоо секторун чыңдоо үчүн [20 млн долларлык шашылыш жардам ](https://www.adb.org/news/adb-20-million-covid-19-package-boost-kyrgyz-republics-health-sector)кирет.

АӨБ Азия-Тынч океан аймактарынын гүлдөп-өнүгүүсүнө, инклюзивдүүлүккө, жандуулукка жана туруктуулукка жетишүүгө умтулат, ошол эле учурда өтө жакырчылыкты жоюу боюнча аракеттерин колдойт. Ал 1966-жылы негизделген, 68 мүчөлөргө таандык, кырк тогузу ушул аймакта жайгашкан.