Кытайлар 17 фура алтын концентратын КРдан чыгарып кеткенин Бажы кызматы ырастады

Кытайлар 17 фура алтын концентратын КРдан чыгарып кеткенин Бажы кызматы ырастады. Мекеменин маалыматына караганда, импорт жана экспорт КРнын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан ишканаларга берилген лицензиянын негизинде ишке ашырылат.

Ал эми алтын концентратын сыртка ташып кеткен «Гик Кайди» компаниясына ыйгарым укуктуу орган быйыл 26-августта флотациялык концентратты экспорттоого лицензия бергени белгилүү болду. Бажы кызматкерлери ишкананын уруксат документтерин көрүп концентраттарды сыртка чыгарышканы кабарланды.

Эскерте кетсек, ЖКнын депутаты Аккулу Бердиев 22-сентябрда 17 фурага жүктөлгөн контрабандалык алтын концентраты «Эркечтам» бекетинде кармалып туруп, кийинчерээк ал «Достук» посту аркылуу чыгарылып кеткенин кабарлаган болчу.

Бул алтын концентраты тууралуу депутат Бердиев быйыл январь айында айтып чыккан жана Чоң-Алайдагы алтын кенинен казылып алынган чийки зат ар бир фурага төрт тоннадан жүктөлгөнүн жарыялаган эле.