> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2020-жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4785 сомду түзгөн
- URL: https://im.kg/all/2021/09/24/2020-zhyly-pensionerlerdin-t-m-nk-zhashoo-minimumu-4785-somdu-t-zg-n/
- Published: 2021-09-24T10:53:40.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4785.4 сомду түздү.** 

2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 1.08 индексациялоо коэффициентине индексацияланат. Бул тууралуу Минстрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

> Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү **6248 сомду түзөт**, бул пенсиянын жогорулатылганга чейинки орточо көлөмүнөн 8%га жогору, же **455 сомду** түзөт. Белгилесек, **жогорулатуу суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнөн көз каранды болот** деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фондго пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуусу тапшырылды.