2020-жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4785 сомду түзгөн
Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы пенсионерлердин төмөнкү жашоо минимуму 4785.4 сомду түздү.
2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрү 1.08 индексациялоо коэффициентине индексацияланат. Бул тууралуу Минстрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6248 сомду түзөт, бул пенсиянын жогорулатылганга чейинки орточо көлөмүнөн 8%га жогору, же 455 сомду түзөт. Белгилесек, жогорулатуу суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнөн көз каранды болот деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фондго пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуусу тапшырылды.