> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АӨБ КРга экономиканы колдоого 11 млн доллар грант, 69 млн доллар кредит берет
- URL: https://im.kg/all/2021/09/24/a-b-krga-ekonomikany-koldoogo-80-mln-dollarlyk-nasyya-beret/
- Published: 2021-09-24T10:39:58.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоо аракеттерин колдоо үчүн жана аны келечекте коронавирус пандемиясы сыяктуу соккуларга туруктуулугун күчөтүү үчүн реформаларды аткарууга багытталган 80 млн долларлык** **насыялоо программасын жактырды. Бул тууралуу каржы институтунун маалымат кызматы билдирди.**

> Экономикалык диверсификацияга көмөктөшүү программасынын (PEDP) экинчи кичи программасына ылайык, АӨБ экономика алтын казып алуудан жана акча которуулардан көз карандылыктан кеңири, туруктуу жана инклюзивдүү өсүүгө өтүүгө **69.3 млн долларлык** реформаларды аткарууга багытталган **кредит** жана **10.7 млн доллар грант** берет.

Программа сооданын жана инвестициялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу реформаларды колдойт, чакан жана орто ишканалардын (ЧОИ) өнүгүүсүнө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу инфраструктураны өнүктүрүүнү жакшыртууга, сектордук көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, фискалдык башкарууну жана социалдык коргоонун туруктуулугун жакшыртууга жардам берет.

2019-жылы АӨБдүн Директорлор кеңеши өкмөткө айыл чарба, соода жана инвестициялык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, ЧОИды өнүктүрүү, МЖӨнү өнүктүрүү жана өнөр жайдагы көндүмдөрдү өнүктүрүү жааттарында болгон саясат жана институционалдык реформалар үчүн негиз түзүүгө жардам берген PEDPтин биринчи чакан программасын ишке ашыруу үчүн 50 млн долларлык грантты [жактырды](https://www.adb.org/news/adb-grant-support-reforms-aimed-diversifying-kyrgyz-republics-economy).

- КР АӨБгө 1994-жылы кирген. Андан бери банк **1.3 млрд доллардан** ашык насыя, **811 млн доллар грант** жана **69 млн долларды** техникалык жардам долбоорлору аркылуу бөлүп берген.