Аскер кызматкерлердин айлык маянасы 40%га көтөрүлдү

Улукбек Марипов Министрлер Кабинетинин токтомуна кол койду, ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40%га жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Чечим социалдык кепилдиктерди камсыздоо, ошондой эле аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынган.

Белгилесек, президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын август айында республиканын Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарасында 1-октябрдан тарта аталган категориядагы аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40%га жогорулатыла тургандыгын билдирген.