> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КНС 2020-жылга салыштырмалуу 3 млрд сомго көп чогулду
- URL: https://im.kg/all/2021/09/24/kns-2020-zhylga-salyshtyrmaluu-3-mlrd-somgo-k-p-choguldu/
- Published: 2021-09-24T14:25:29.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КНС 2020-жылга салыштырмалуу 3 млрд сомго көп чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев Биринчи Радионун түз эфиринде айтты.** 

Анын айтымында, фискалдаштыруу иштери ийгиликтүү жүрүп жатат жана система ишке киргенден бери 15 миң салык төлөөчү бул системаны колдонуп келишет. Жыл ичинде бир трлн сомдон ашык электрондук эсеп-фактуралар чыгарылган жана 7 млн эсеп-фактура таризделген. Былтыркыга салыштырмалуу **салык 8 айдын планынан 3 млрд сомго (5%) көп** чогултулган.

Май куючу жайларга автоматташтыруу системасы киргизилгенден тартып, (2020-жылы 1-июлдан баштап киргизилген) элге **сатылган КММдын к**өлөмү 1.5 эсеге көп сатылганы байкалган.

> «Фискализация ири ишканалардан башталган. Электрондук эсеп -фактуралар КНС төлөгөн ири ишканалар тарабынан колдонулат. Анын негизинде КНС 2020-жылга салыштырмалуу 3 млрд сомго көп чогулду», – деди ал.