> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын банк секторуна 72 млн долларлык  финансылык колдоо көрсөтүлөт
- URL: https://im.kg/all/2021/09/24/krnyn-bank-sektoruna-72-mln-dollar-lch-m-nd-kajtarymduu-negizde-pajyzsyz-finansylyk-zhardam-berilet/
- Published: 2021-09-24T12:48:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын (АИИБ) колдоосунун негизинде жеке жана финансылык секторго чукул колдоо көрсөтүү үчүн 72 млн доллар** **өлчөмүндөгү долбоор башталды. Бул тууралуу Экономика минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Долбоордун максаты – микро, чакан жана орто ишканаларга COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда, экономиканын басаңдашын жеңил өткөрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү аркылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.

> Долбоордун алкагында **72 млн доллар** суммасында кайтарымдуу негизде пайызсыз финансылык жардам берилет, бул болжол менен **6 млрд 84 млн сом.**

Бул үчүн тандоо жүргүзүлүп, төмөнкү коммерциялык банктар менен келишимдер түзүлдү:

- «Азии Банкы»
- «ФинансКредит Банкы»
- «Айыл Банкы»
- «Кыргызстан Коммерциялык банкы»

Сунуш Долбоордун шарттарына жооп берген КРнын бардык коммерциялык банктарына жөнөтүлгөн.

Учурда бенефициарларды каржылоо үчүн жогоруда **3 банкка 125 млн сом** которулган. 

> Бул долбоордун негизинде көбүрөөк ишкерлер каржылык жардам алышат, бул ишканалардын иштешине жана жумуш орундарынын сакталышына оң таасирин тийгизет.