КРнын банк секторуна 72 млн долларлык финансылык колдоо көрсөтүлөт
Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын (АИИБ) колдоосунун негизинде жеке жана финансылык секторго чукул колдоо көрсөтүү үчүн 72 млн доллар өлчөмүндөгү долбоор башталды. Бул тууралуу Экономика минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Долбоордун максаты – микро, чакан жана орто ишканаларга COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда, экономиканын басаңдашын жеңил өткөрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү аркылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Долбоордун алкагында 72 млн доллар суммасында кайтарымдуу негизде пайызсыз финансылык жардам берилет, бул болжол менен 6 млрд 84 млн сом.
Бул үчүн тандоо жүргүзүлүп, төмөнкү коммерциялык банктар менен келишимдер түзүлдү:
- «Азии Банкы»
- «ФинансКредит Банкы»
- «Айыл Банкы»
- «Кыргызстан Коммерциялык банкы»
Сунуш Долбоордун шарттарына жооп берген КРнын бардык коммерциялык банктарына жөнөтүлгөн.
Учурда бенефициарларды каржылоо үчүн жогоруда 3 банкка 125 млн сом которулган.
Бул долбоордун негизинде көбүрөөк ишкерлер каржылык жардам алышат, бул ишканалардын иштешине жана жумуш орундарынын сакталышына оң таасирин тийгизет.