> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекет Тюлеевге мүлкүн кайтарып берди, ал анын ордуна фондго 11 батир берди
- URL: https://im.kg/all/2021/09/24/mamleket-tjuleevge-m-lk-n-kajtaryp-berdi-al-anyn-orduna-fondgo-11-batir-berdi/
- Published: 2021-09-24T21:28:08.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Караван» соода борборунун жер төлөөсүнүн бир бөлүгү жана 1-кабатынын бир бөлүгү Нариман Тюлеевге кайтарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) билдирди.**

Берилген маалыматка ылайык, Ленин райондук сотунун 2021-жылдын 17-сентябрындагы чечими менен Нариман Тюлеевдин Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 29-июлундагы конфискацияланган мүлккө карата өкүмүнүн аткарылышын **жокко чыгаруу жөнүндө арызы** **толугу менен канааттандырылды.**

Жыйынтыгында «Караван» соода борборунун жер төлөөсүнүн бир бөлүгү жана 1-кабатынын бир бөлүгү Нариман Тюлеевге кайтарылып берилди, анын ордуна Тюлеев **Бишкектеги 11 турак үйдү** «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын балансына өткөрүп бергенин, алар «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында өлкөнүн муктаж жарандарына берилерин билдирди.

> «Бул чечим, өлкөдө турак жайдын жетишсиздигин эске алуу менен, калктын турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында кабыл алынды», – деп билдиришти ММБФдан.