> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Швейцария медкызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга КРга 220 млн сом бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2021/09/24/shvejcariya-medicinalyk-kyzmatkerlerdin-kesipk-jl-g-n-zhogorulatuu-ch-n-krga-220-mln-som-b-l-t/
- Published: 2021-09-24T11:00:46.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Швейцария медициналык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн 220 млн сом бөлөт, бул Кыргызстандын пациенттерине жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.**

2021-жылдын 23-сентябрында КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Швейцариянын КРгы Элчиси Оливье Бангертер медициналык билимди реформалоо долбоорунун III фазасы боюнча келишимге кол коюшту.

> Ага ылайык, медицина кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн Швейцария КРга **220 млн сом бөлөт.**  Швейцариялык долбоордун жардамы менен 14 миңден ашык медициналык практиктер, 25 миң медайымдар, 6 миң ординаторлор жана 7 миң медайым студенттер билимдерин жогорулатышат деп ишендирди министрликтен.

2013-жылдан бери Швейцария Өкмөтү Женева университетинин ооруканаларынын техникалык колдоосу менен медициналык билим берүү реформасы долбоорун жергиликтүү өнөктөш медициналык билим берүүдөгү демилгелер менен биргеликте каржылайт.