Швейцария медкызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга КРга 220 млн сом бөлөт
Швейцария медициналык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн 220 млн сом бөлөт, бул Кыргызстандын пациенттерине жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
2021-жылдын 23-сентябрында КРнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Швейцариянын КРгы Элчиси Оливье Бангертер медициналык билимди реформалоо долбоорунун III фазасы боюнча келишимге кол коюшту.
Ага ылайык, медицина кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн Швейцария КРга 220 млн сом бөлөт. Швейцариялык долбоордун жардамы менен 14 миңден ашык медициналык практиктер, 25 миң медайымдар, 6 миң ординаторлор жана 7 миң медайым студенттер билимдерин жогорулатышат деп ишендирди министрликтен.
2013-жылдан бери Швейцария Өкмөтү Женева университетинин ооруканаларынын техникалык колдоосу менен медициналык билим берүү реформасы долбоорун жергиликтүү өнөктөш медициналык билим берүүдөгү демилгелер менен биргеликте каржылайт.