> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине 3 млн 18 миң тонна көмүр керек
- URL: https://im.kg/all/2021/09/26/2021-2022-zhylky-k-z-kysh-mezgiline-3-mln-18-mi-tonna-k-m-r-kerek/
- Published: 2021-09-26T13:01:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика тармагынын жана калктын 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине республика боюнча жалпысынан 3 млн 18 миң тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.**

> Анын **950 миң тоннасы** Кавак көмүр бассейнинин көмүр казуучу ишканаларына туура келет. 

Кавак бассейнинин көмүр казуучу ишканалары тоо-кен жана кошумча жумуштарды уюштуруу, тоо-кен техникасы менен кенди комплектациялоо боюнча, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын темир жол боюндагы көмүр кампаларына көмүр ташып жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштерди аткарып жаткандыгы белгилүү болду. Аталган көмүр Бишкек шаардык ЖЭБге жеткирилет.