2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине 3 млн 18 миң тонна көмүр керек

Экономика тармагынын жана калктын 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине республика боюнча жалпысынан 3 млн 18 миң тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын 950 миң тоннасы Кавак көмүр бассейнинин көмүр казуучу ишканаларына туура келет.

Кавак бассейнинин көмүр казуучу ишканалары тоо-кен жана кошумча жумуштарды уюштуруу, тоо-кен техникасы менен кенди комплектациялоо боюнча, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын темир жол боюндагы көмүр кампаларына көмүр ташып жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштерди аткарып жаткандыгы белгилүү болду. Аталган көмүр Бишкек шаардык ЖЭБге жеткирилет.