Dodo Pizza кыргызстандыктардын башкаруусунда Вьетнамдын рыногуна кирди

Россиялык Dodo Pizza пиццерия тармагы кыргызстандыктардын башкаруу алдында Вьетнамда иштей баштады. Аталган өлкөнүн эң чоң шаары Хошиминде эки пиццерия ачылды. Бул тууралуу компаниянын негиздөөчүсү Федор Овчинников өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

Пиццериялар июль айында эле иштей башташы керек болчу, бирок акыркы үч айдын ичинде Хошиминдеги «дүйнөдөгү эң катаал локдаун» киргизилгендиктен шаар толугу менен жабылган, көчөлөрдө кыймыл чектелүү болгондуктан азырынча мекемелердин жеткирүү кызматы гана иштеп жатат.

 Овчинников билдиргендей, Хошимин шаарындагы Dodo Pizza тармагы кыргызстандык Есен Жумановдун командасы тарабынан ишке киргизилген. Буга чейин Жуманов жана анын өнөктөштөрү Бишкекте пиццерияны иштеп чыгышкан жана жакшы натыйжаларга жетишишкен. Андан кийин алар Есендин инвестициялык тармакта иштеген өнөктөштөрүнүн бири аркылуу Вьетнам рыногуна чыгууну чечишкен.

Жуманов локдаунга байланыштуу алар үч ай үйдөн иштегенин, эми гана сатуу өсө баштаганын жана сатуу күнүнө дээрлик 400 долларга жеткенин жазган. Команда беш жылдын ичинде 234 пиццерия ачып, Түштүк-Чыгыш Азияда рынокторунун лидери болууну пландап жатат.