Инвестиция министрлиги: биздин чыгымдарыбызга 12 млн 85 миң сом керек
Бүгүн, 27-сентябрда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Инвестиция министринин орун басары Нурадил Баясов министрликтин чыгымдарына 12млн 85 миң сом керектигин айтты.
Баясовдун айтымында, 12млн 85 миң сом министрликтин чыгымдарына, тагыраак айтканда, борбордук аппаратка керек. Минстрлик жаңы имаратка көчкөндөн бери тийиштүү шарттар түзүлгөн эмес жана инвестицияларды тартуу үчүн уюштурулчу иш-чараларга 8 млн сом, 1 млн 400 миң сом департаменттин чыгымдарына керек, ошондой эле иш сапарларга да каражат талап кылынууда.
Иш сапары тууралуу айта турган болсок, жакында эле Инвестиция министри бир жума Түштүк Кореяда жүргөнүнө карабастан, эч кандай келишимге кол коюлган эмес.
Жыйында, депутат Осмон Турдумамбетов каражатты кайсы жакка иштетээри үчүн минстрликтин так планы жок экендигин, министр Шыкмаматов эч кандай жыйындарга катышпай жаткандыгын айтып сынга алды жана министрлик иштеп баштагандан тартып, кандай реалдуу инвестиция келгенин сурады. Министрдин орун басары так эч кандай маалымат бере алган жок.