КРда интернет эркиндигинин деңгээли 53 баллга түштү

Freedom House, 70 өлкөдө 2020-жылдын 1-июнунан 2021-жылдын 31-майына чейин интернет эркиндигинин деңгээлин баалаган Freedom on Net – 2021 («Тармактагы интернет») деп аталган жылдык отчетун жарыялады. Ага ылайык, КР былтыркыга салыштырмалуу 3 балл жоготкон.

Интернет эркиндигинин деңгээли «жарым-жартылай эркин» деп бааланган Кыргызстан  быйыл 100 баллдан 53 алды.

2020-жылга салыштырмалуу (56 балл) быйыл КР 3 балл жоготту.

Өлкөлөр тууралуу изилденип жаткан мезгилдеги талдоодо, «Кыргызстанда интернет эркиндигинин төмөндөөсү уланууда» деп айтылат. Анткени өткөн жылдын октябрь айында болгон парламенттик шайлоодон кийинки саясий башаламандыктын кесепети олуттуу укуктук жана конституциялык өзгөрүүлөргө алып келген.