> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-Венгер фондунун башкаруу кеңешинин курамы дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/27/kyrgyz-venger-fondunun-bashkaruu-ke-eshinin-kuramy-dajyndaldy/
- Published: 2021-09-27T16:47:18.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 27-сентябрда КРнын Экономика жана финансы министринин орун басары Руслан Татиков Венгриянын КРгы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушту жана Фонддун Кеңешинин жана Башкармалыгынын курамы макулдашылып, бекитилди.**

Фонддун Кеңеши Фонддун ишмердүүлүгүнө стратегиялык башкарууну жүзөгө ашыруучу жогорку башкаруу органы болуп саналат. Фонддун Кеңешине **кыргыз тараптан 3 өкүл жана венгер тараптан 2 өкүл кирет.**

**Кыргыз тараптан:**

- Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары **Алмаз Бакетаев** Фонд кеңешинин төрагасы болуп дайындалды.
- КРнын президентинин Администрациясынын Экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы **Жанузак Абдыкалыков** жана КРнын Инвестициялар министринин орун басары **Нурадил Баясов** Фонддун Кеңешинин мүчөлөрү болуп дайындалышты.
- Фонддун башкармалыгынын **төрагасы** болуп **Темирбек Эркинов** дайындалды.
- Фонддун башкармалыгынын **мүчөсү** болуп **Алымбек Орозбеков** дайындалды.

**Венгрия тараптан:**

- **Гергей Банхеди.** Европа Биримдиги, КРда мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүү боюнча долбоордун эксперти.
- **Роберт Грильев.** Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы бизнес операциялары боюнча директор, Москвадагы кеңсенин башчысы.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга [кол койгон. ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/08/ustavdyk-kapitaly-16-mln-dollarlyk-vengriya-kyrgyz-n-kt-r-fondu-zh-n-nd-makuldashuu-ratifikaciyalandy/)

> Фонд эл аралык уюм болуп, анын уставдык капиталы **16 млн долларды** түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды **50 млн долларга чейин** көбөйтүү ниетинде. Уставдык капиталдын үлүштөрү Венгрия тарабынан камсыздалат.