Кыргыз-Венгер фондунун башкаруу кеңешинин курамы дайындалды

Бүгүн, 27-сентябрда КРнын Экономика жана финансы министринин орун басары Руслан Татиков Венгриянын КРгы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушту жана Фонддун Кеңешинин жана Башкармалыгынын курамы макулдашылып, бекитилди.

Фонддун Кеңеши Фонддун ишмердүүлүгүнө стратегиялык башкарууну жүзөгө ашыруучу жогорку башкаруу органы болуп саналат. Фонддун Кеңешине кыргыз тараптан 3 өкүл жана венгер тараптан 2 өкүл кирет.

Кыргыз тараптан:

  • Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Алмаз Бакетаев Фонд кеңешинин төрагасы болуп дайындалды.
  • КРнын президентинин Администрациясынын Экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Жанузак Абдыкалыков жана КРнын Инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов Фонддун Кеңешинин мүчөлөрү болуп дайындалышты.
  • Фонддун башкармалыгынын төрагасы болуп Темирбек Эркинов дайындалды.
  • Фонддун башкармалыгынын мүчөсү болуп Алымбек Орозбеков дайындалды.

Венгрия тараптан:

  • Гергей Банхеди. Европа Биримдиги, КРда мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүү боюнча долбоордун эксперти.
  • Роберт Грильев. Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы бизнес операциялары боюнча директор, Москвадагы кеңсенин башчысы.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койгон.

Фонд эл аралык уюм болуп, анын уставдык капиталы 16 млн долларды түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды 50 млн долларга чейин көбөйтүү ниетинде. Уставдык капиталдын үлүштөрү Венгрия тарабынан камсыздалат.