> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында ипотекалык кредиттер берилүүдө – шарттары
- URL: https://im.kg/all/2021/09/27/menin-j-m-2021-2026-turak-zhaj-programmasynyn-alkagynda-ipotekalyk-kreditter-beril-d-sharttary/
- Published: 2021-09-27T14:51:45.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:53:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«РСК Банк» ААК «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК менен бирге «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында ипотекалык кредиттерди бере баштады. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.**

Кредиттер төмөндөгү багыттар боюнча берилет: 

1. **«Жеңилдетилген ипотека»** турак жай сатып алуу жана жеке турак жай куруу үчүн.
2. **«Арзан ипотека»** турак жай сатып алуу жана жеке турак жай куруу үчүн.

#### «Жеңилдетилген ипотека» – «Турак жай сатып алуу»

• **мөөнөтү:** 15 жылдан 25 жылга чейин

• **каржылоонун максималдуу суммасы:** бир субъект үчүн 4 млн сомго чейин

• **пайыздык чен:** жылдык 4%

• **кредиттик камсыздоо:** сатып алына турган турак жай

• **валюта:** кыргыз сому.

####   
«Жеңилдетилген ипотека» – «Жеке турак жай куруу»

• **мөөнөтү:** 15 жылдан 25 жылга чейин

• **каржылоонун максималдуу суммасы:** бир субъект үчүн 4 млн сомго чейин

• **пайыздык чен:** 18 айга чейин курулуш мезгилинде жылдык 8%, аяктагандан кийин 4% менен

• **кредиттик камсыздоо:** жер тилкеси (участогу)

• **валюта:** кыргыз сому.

####  «Арзан ипотека» – «Турак жай сатып алуу»

• **мөөнөтү:** 15 жылдан 25 жылга чейин

• **каржылоонун максималдуу суммасы:** бир субъект үчүн 5 млн сомго чейин

• **пайыздык чен:** жылдык 8%

• **кредиттик камсыздоо:** сатып алына турган турак жай

• **валюта:** кыргыз сому

• кредит **Бишкек жана Ош** шаарларында гана берилет.

#### «Арзан ипотека» – «Жеке турак жай куруу»

• **мөөнөтү:** 15 жылдан 25 жылга чейин

• **каржылоонун максималдуу суммасы:** бир субъект үчүн 5 млн сомго чейин

• **пайыздык чен:** 18 айга чейинки курулуш мезгилинде жылдык 12% аяктагандан кийин 8%

• **кредиттик камсыздоо:** жер тилкеси (участогу)

• **валюта:** кыргыз сому 

- кредит **Бишкек жана Ош** шаарларында гана берилет.

Эскерте кетсек, «Айыл Банк» ААК дагы «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик ипотекалык программасынын алкагында ипотекалык насыялоону ишке ашырууну[ жанданткан болчу.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/20/ajyl-bank-aak-menin-j-m-2021-2026-ipotekalyk-programmasynyn-alkagynda-2-bagytta-kredit-beret/)