«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында ипотекалык кредиттер берилүүдө – шарттары
«РСК Банк» ААК «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК менен бирге «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында ипотекалык кредиттерди бере баштады. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.
Кредиттер төмөндөгү багыттар боюнча берилет:
- «Жеңилдетилген ипотека» турак жай сатып алуу жана жеке турак жай куруу үчүн.
- «Арзан ипотека» турак жай сатып алуу жана жеке турак жай куруу үчүн.
«Жеңилдетилген ипотека» – «Турак жай сатып алуу»
• мөөнөтү: 15 жылдан 25 жылга чейин
• каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 4 млн сомго чейин
• пайыздык чен: жылдык 4%
• кредиттик камсыздоо: сатып алына турган турак жай
• валюта: кыргыз сому.
«Жеңилдетилген ипотека» – «Жеке турак жай куруу»
• мөөнөтү: 15 жылдан 25 жылга чейин
• каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 4 млн сомго чейин
• пайыздык чен: 18 айга чейин курулуш мезгилинде жылдык 8%, аяктагандан кийин 4% менен
• кредиттик камсыздоо: жер тилкеси (участогу)
• валюта: кыргыз сому.
«Арзан ипотека» – «Турак жай сатып алуу»
• мөөнөтү: 15 жылдан 25 жылга чейин
• каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 5 млн сомго чейин
• пайыздык чен: жылдык 8%
• кредиттик камсыздоо: сатып алына турган турак жай
• валюта: кыргыз сому
• кредит Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет.
«Арзан ипотека» – «Жеке турак жай куруу»
• мөөнөтү: 15 жылдан 25 жылга чейин
• каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 5 млн сомго чейин
• пайыздык чен: 18 айга чейинки курулуш мезгилинде жылдык 12% аяктагандан кийин 8%
• кредиттик камсыздоо: жер тилкеси (участогу)
• валюта: кыргыз сому
- кредит Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет.
Эскерте кетсек, «Айыл Банк» ААК дагы «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик ипотекалык программасынын алкагында ипотекалык насыялоону ишке ашырууну жанданткан болчу.