Памирдин этникалык кыргыздары үчүн шаарчанын курулушуна «Ассанабиль» фонду көмөктөшөт
Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдин этникалык кыргыздары үчүн пландалган шаарчанын курулушуна «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фонду көмөктөшөт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ, 26-сентябрда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирдик кыргыздар үчүн жаңы шаарчанын курулушуна президент Садыр Жапаров капсула салды.
Буга чейин үстүбүздөгү жылдын апрелинде Садыр Жапаров Памирде калган афгандык кыргыздарды көчүрүп келип жайгаштыруу үчүн болжолдонуп жаткан турак жай курулушунун долбоору менен таанышуу учурунда тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берген.
Муну менен, Кашка-Суу айылында Бурган-Суу тилкесинде 30 га жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди курууга трансформацияланган.
Бул аймакта турак жайлардын, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык объектилердин салынышы пландалууда.
Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым объектилердин курулушу «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фондунун көмөктөшүүсүндө жүргүзүлөт.