> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президент Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады
- URL: https://im.kg/all/2021/09/29/prezident-uluttuk-banktyn-t-ragalygyna-kubanychbek-b-k-ntaevdin-talapkerligin-sunushtady/
- Published: 2021-09-29T12:19:38.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:17:08.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов билдирди.**

Эске сала кетсек, кечээ Толкунбек Адбыгуловдун Улуттук банктын башчылыгынан кеткени белгилүү болду. Анын ордуна «Мамлекеттик лотерея компаниясынын» директорунун мурдагы орун басары Бөкөнтаевдин келиши божомолдонууда. Тиешелүү документтер азыртан эле даярдалып жатат.

[Kaktus.media](https://kaktus.media/doc/446746%5Fprofilnyy%5Fkomitet%5Fodobril%5Fkandidatyry%5Fkybanychbeka%5Fbokontaeva%5Fna%5Fdoljnost%5Fglavy%5Fnacbanka.html) кабарлагандай, парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети анын талапкерлигин жактырды. Бирок чечим кворумдун жоктугуна байланыштуу болбой калгандыктан сурамжылоо жолу менен кабыл алынды.

> Ошол эле учурда комитеттин мүчөсү, депутат Дастан Бекешев мындай маанилүү маселе боюнча сурамжылоо аркылуу чечим кабыл алууга каршы чыкты. «Биз колхозго колхозчуну тандап жаткан жокпуз. Ал комитетте талкууланышы керек », – деди ал.