Президент Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ Толкунбек Адбыгуловдун Улуттук банктын башчылыгынан кеткени белгилүү болду. Анын ордуна «Мамлекеттик лотерея компаниясынын»  директорунун мурдагы орун басары Бөкөнтаевдин келиши божомолдонууда. Тиешелүү документтер азыртан эле даярдалып жатат.

Kaktus.media кабарлагандай, парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети анын талапкерлигин жактырды. Бирок чечим кворумдун жоктугуна байланыштуу болбой калгандыктан сурамжылоо жолу менен кабыл алынды.

Ошол эле учурда комитеттин мүчөсү, депутат Дастан Бекешев мындай маанилүү маселе боюнча сурамжылоо аркылуу чечим кабыл алууга каршы чыкты. «Биз колхозго колхозчуну тандап жаткан жокпуз. Ал комитетте талкууланышы керек », – деди ал.