> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 11 жыл банк секторунда иштебеген адам Улуттук банктын төрагалыгына дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2021/09/30/11-zhyl-bank-sektorunda-ishtebegen-adam-uluttuk-banktyn-t-ragalygyna-dajyndaldy/
- Published: 2021-09-30T10:16:03.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин депутаттары 29-сентябрдагы жыйынында «Кыргыз лото» мамлекеттик компаниясынын директорунун орун басары Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына дайындашты. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров [сунуштаган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/29/prezident-uluttuk-banktyn-t-ragalygyna-kubanychbek-b-k-ntaevdin-talapkerligin-sunushtady/).** 

Буга чейин парламентте башка кызматка дайындалганына байланыштуу Толкунбек Абдыгуловдун Улуттук банктын төрагалыгынан ыктыярдуу отставкасын кабыл алышкан эле.

> Эске салсак, **Кубанычбек Бөкөнтаев** «Мамлекеттик лотерея компаниясынын» директорунун орун басары болуп иштеген. Анын убагында **«Кыргыз лото» 25 млн сом чыгашага учураган.**

> Жыйында депутат Самат Исманов: «Сиз кичинекей мекемени жетектеп турганда 25 миллионго чыгаша болгондон кийин, Улуттук банкты башкарганга моралдык укугуңуз барбы?» – деп сурап жана банк тармагында иштебей калганына канча жыл болгонуна кызыкты.

Бөкөнтаев тыюу салынганына байланыштуу **11 жыл банк тармагына аралашпаганын айтты.**