Эскертүү – 1-ноябрдан баштап жол кире көтөрүлөт

Бишкек шаардык кеңешинин 28-сентябрдагы токтому менен борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы ушул жылдын 1-ноябрынан баштап көтөрүлөт.

Маршруткаларда жол киренин баасы – 15 сом

Автобус жана троллейбустарда – 11 сомдон болот.

Пенсионерлер менен мектеп окуучулары автобус жана троллейбустарда бекер жүрүшөт, ал эми маршруткаларда жол киренин 50%ын, тагыраак айтканда, 8 сомдон төлөшөт. Ошондой эле, төлөө жеңилдиги каралган жарандар саат 8:00дөн 21:00гө чейин жүрө алышат.

Эскерте кетсек, борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн.

Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары «Шыдыр жол» ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. «Эко Эл ташуу» компаниясы 210 автобус алып келип, 11-сентябрдан тарта каттамга чыгарган. Булардан тышкары 800дөй кичи автобустар эл ташууда.