> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРнын жогорку жетекчилиги тогуз айда 96 млн сомго учушкан
- URL: https://im.kg/all/2021/09/30/krnyn-zhogorku-zhetekchiligi-toguz-ajda-96-mln-somgo-uchushkan/
- Published: 2021-09-30T11:34:20.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин 9 ай ичинде (1-январдан 10-сентябрга чейин) авиабилеттерге кеткен чыгымы 96 млн сомдон ашты. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 млн сомго көп. Бул тууралуу [OsOO.kg](https://www.osoo.kg/news/perelety-vysshego-rukovodstva-kyrgyzstana-s-nachala-2021-goda-oboshlis-byudzhetu-v-96-millionov-somov/) порталы жазып чыкты.**

Берилген маалыматка ылайык, рейстерди «Авиакомпания Эйр Кей Джи» ЖЧКсы аткарган.

> Литердик рейстерди президент, премьер-министр жана парламенттин спикери колдонушат.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/Screenshot_2021-09-27_at_14.13.55-954x1024.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/09/Screenshot%5F2021-09-27%5Fat%5F14.13.55.png)

«Авиакомпания Эйр Кей Джи» ЖЧКсы 17 кишиге чейин болгон ЯК-40 VIP учагы менен чартердик рейстерди аткарат, ошондой эле Ту-154М учагы менен КРнын расмий делегацияларын ташыйт. «Авиакомпания Эйр Кей Джи» ЖЧКсынын негиздөөчүсү – «Манас» эл аралык аэропорту» ААК болуп саналат.