КРнын жогорку жетекчилиги тогуз айда 96 млн сомго учушкан

Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин 9 ай ичинде (1-январдан 10-сентябрга чейин) авиабилеттерге кеткен чыгымы 96 млн сомдон ашты. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 млн сомго көп. Бул тууралуу OsOO.kg порталы жазып чыкты.

Берилген маалыматка ылайык, рейстерди «Авиакомпания Эйр Кей Джи» ЖЧКсы аткарган.

Литердик рейстерди президент, премьер-министр жана парламенттин спикери колдонушат.

«Авиакомпания Эйр Кей Джи» ЖЧКсы 17 кишиге чейин болгон ЯК-40 VIP учагы менен чартердик рейстерди аткарат, ошондой эле Ту-154М учагы менен КРнын расмий делегацияларын ташыйт. «Авиакомпания Эйр Кей Джи» ЖЧКсынын негиздөөчүсү –  «Манас» эл аралык аэропорту» ААК болуп саналат.