> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын балансы дагы бир үйгө көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2021/09/30/mamlekettik-ipotekalyk-kompaniya-aaksynyn-balansy-bir-jg-k-b-jd/
- Published: 2021-09-30T17:39:28.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү бүгүн, 30-сентябрда, мурда мамлекет башчысы өзү жашаган Бишкек шаарындагы үйүн кайтарымсыз негизде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын балансына өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.**

Садыр Жапаров өткөрүлүп жаткан турак жайдын документтерин жеке өзү тапшырып жана «МИК» ААК башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага аталган кыймылсыз мүлктү көрсөтүп берди. 

> Президенттин айтымында, бул үйдү үй-бүлөсү менен 2005-жылы эле сатып алышкан. Кийинчерээк, 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, үй ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген.

Мамлекет башчысынын бүгүнкү аракетинин максаты – жеке турак жай рыногун жакшыртуу, муну менен «МИК» ААКсына «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоосуна жардам берүү.