ЖК КР менен Корея өкмөтүнүн ортосундагы кошумча макулдашууну жактырды – бирок документте эмне жазылган?
Бүгүн, 30-сентябрда ЖКнын жыйынында депутаттар «КР менен Корея өкмөтүнүн ортосундагы бекер жардам жөнүндөгү 2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган келишимге кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты. Бирок 20-сентябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында бул долбоорго депутаттар каршы болушкан эле.
Экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиевдин айтымында, кошумча макулдашуу бекер жардам берүү программаларын ишке ашыруу аркылуу эки өлкөнүн өнөктөштүгүн жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.
«Бул KOICA өкүлчүлүгүнүн, кызматкерлеринин, эксперттердин, ыктыярчылардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн артыкчылыктары аталган алкактык макулдашуунун 6-беренесинин 1 -пунктуна ылайык жазылган. Кошумча келишим 3 жыл күчүндө болот жана кийинки мезгилдерге автоматтык түрдө дагы 3 жылга узартылат. Эгерде тараптардын бири экинчи тараптан дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү кызматташууну токтотуу тууралуу билдирүүнү алган күндөн тартып, 6 ай ичинде токтотулат», – деди ал.
Бирок, эскерте кетсек, 20-сентябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынына Экономика министринин орун басары Руслан Татиков ушул эле KOICA уюмунун КРгы өкүлдөрүнө артыкчылык берүү маселесин кароо долбоору менен келген болчу.
Жыйында Татиков КР менен Кореянын ортосунда кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга (өзгөртүлгөн) кошумча макулдашууну радификациялоо тууралуу КРнын мыйзам долбоорун сунуштаган.
Бирок депутаттардын талабы менен Татиков долбоордун мазмунун окуй келгенде, документте Кореядан келген товарларга КНСти алып салуу талабы бар болуп чыккан.
Документте «KOICA өкүлчүлүгүнүн ишин жана программаларды ишке ашыруу үчүн товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата сырттан импорттолгондугуна же КРнын аймагында сатып алынгандыгына карабастан, КР өкмөтү ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түз жеткирүүсү үчүн кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотот. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түз ташып келүүнү бажы алымдарынан, салыктардан ошондой эле валюталык тобокелдиктерди камсыздандырууга сертификацияларды жана импортко лицензияларды сатып алуу талабынан бошотот. Ташып келинген товарларга бажы операцияларын биринчи кезекте жүргүзүүгө көмөктөшөт» деп айтылат.
KOICA уюмунун КРда 8 өкүлү бар жана алар жыл сайын виза алуу үчүн ар бири 20 миң сомдон сарпташат. Ошондой эле алар уюмдун өкүлдөрүнө артыкчылыктарды берүүнү суранышууда. Татиков кошумча макулдашууну дал ушинтип түшүндүрүп, жыйында колдоо алуу үчүн келген эле.
Депутаттар «7 миң долларлык виза маселесин коюп жатышат, мазмунуна келсек, Кореядан келген товарлардан КНСти алып салуу маселеси каралыптыр» деп тынчсызданышкан. Кирген товарлардан бажы алымдары алынбаса, мамлекет мындан канча сумма зыян тартат эч кандай анализ жок дешип кийинки комитетке чейин калтырууну сунушташкан болчу.
Бирок Тазабек Икрамов сатып алынуучу товарлар өнөктөштүктүн алкагында келинүүчү товарлар деп белгилеп, депутаттарды колдоп берүүгө чакырган.
Бирок Татиков өзү KOICA уюму кандай товарларды алып келет бул тууралуу эч кандай маалымат берген эмес.
Эскерте кетсек, ушул эле жыйында депутат Шайлообек Атазов «минкабминдин мүчөлөрү гипнозго түшкөндөй эч нерсе билишпейт» деп сындаган. Анткени министрдин орун басары KOICA КРга берген 45 млн доллар кайсы жакка сарпталгандыгы тууралуу суроого бат жооп бере албай койгон эле.
Бүгүнкү ЖКнын жыйынындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында, мыйзам долбооруна 88 депутат «макул» деген добуш берип, эч ким каршы болгон жок.