> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕБ кыргызстандык айымдарды программалоого окутат
- URL: https://im.kg/all/2021/10/01/eb-kyrgyzstandyk-ajymdardy-programmaloogo-okutat/
- Published: 2021-10-01T10:42:46.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРда кыргызстандык айымдарды маалыматтык технологиялар менен иштөөгө үйрөтүүгө багытталган «Программист Айымдар II» жаңы долбоору башталды. Өлкөнүн булуң-бурчунан 53 аял Европа Биримдигинин колдоосу менен программалоо боюнча билим алышат. Бул тууралуу Ебдин КРгы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.**

Долбоор маалымат технологиялары, сабаттуулук, лидерликти өнүктүрүү жана аялдардын ишкердүүлүгү боюнча практикалык жөндөмдүүлүктү үйрөтүү аркылуу, кыздар менен аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Жети айлык Frontend жана Android тренинг курстары үчүн, оратордук чеберчилик, социалдык ишкердик, SMMдин негиздери, лидерликти өнүктүрүү, баарлашуу көндүмдөрү жана командада иштөө боюнча кошумча тренингдерге катышуу үчүн Кыргызстандын бардык региондорунан **16 жаштан 33 жашка** чейинки **53 кыз-келиндер** тандалып алынган. Окууга кабыл алууда Кыргызстандын аймактарынан келгендерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге басым жасалганын аталган уюмдан билдиришти.