> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «МИК» ААКтын өнөктөш банктары 1-октябрдан баштап арыз алууну токтотот
- URL: https://im.kg/all/2021/10/01/mik-aaktyn-n-kt-sh-banktary-1-oktyabrdan-bashtap-aryz-aluunu-toktotot/
- Published: 2021-10-01T14:53:06.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:09:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын 1-октябрынан тартып өнөктөш болгон «Бакай Банк» ААКсы, «Айыл Банк» ААКсы жана «РСК Банк» ААКсы «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында «Жеңилдетилген ипотека» (бюджеттик сектордун кызматкерлери) багытында берилчү ипотекага арыздарды кабыл алууну убактылуу токтотушат.**

Бул чөйрөдө ипотекалык кредитке болгон суроо-талаптын көптүгүнөн улам, учурда «МИК» ААКтын өнөктөш банктары белгиленген лимиттеги каражаттардын чегинде кредитке арыздарды кабыл (каражаттар чектелген) алышкан.

Эскерте кетсек, кредиттер төмөндөгү багыттар [боюнча берилип жаткан:](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/27/menin-j-m-2021-2026-turak-zhaj-programmasynyn-alkagynda-ipotekalyk-kreditter-beril-d-sharttary/)

1. **«Жеңилдетилген ипотека»** турак жай сатып алуу жана жеке турак жай куруу үчүн.
2. **«Арзан ипотека»** турак жай сатып алуу жана жеке турак жай куруу үчүн.